Кангельдиев Дженишбек Касмаалиевич
Туулган күнү: 8 мая 1970
Туулган жери: Ысык-Көл областынын Түп районунун Ново-Вознесеновка айылы
Өмүр баяны
Кангельдиев Жеңишбек Касмаалиевич 1970-жылы 8-майда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ново-Вознесеновка айылында төрөлгөн.
1987–1991-жылдары №1 курулуш механизмдери мекемесинде машинист-кранчы болуп эмгектенген.
1991–1994-жылдары Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайда билим алып, артыкчылык диплому менен аяктаган.
2000–2004-жылдары Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун «Театр жана кино» факультетинде жогорку билим алган.
1994-жылдан тартып Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында актёр болуп эмгектенип келет.
Жеңишбек Кангельдиев чыгармачылык жолунда улуттук жана дүйнөлүк драматургиянын классикалык жана заманбап чыгармаларында ар кыл мүнөздөгү образдарды жаратып, актёрдук чеберчилигин көрсөтүп келет. Эл аралык театр фестивалдарына катышып, кыргыз сахна өнөрүн чет өлкөлөрдө таанытууга салым кошкон. Театр менен катар кино тармагында да чыгармачылык ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.
Сыйлыктары жана чыгармачылык жетишкендиктери
- 1993-жылы – Ташкент шаарында өткөн «Нооруз – 93» эл аралык театр фестивалынын катышуучусу.
- 1996-жылы – Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин Ардак грамотасы.
- 2002-жылы – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана маданият министрлигинин Ардак грамотасы.
- 2005-жылы – Татарстан Республикасынын Казань шаарында өткөн «Тууганлык» эл аралык театр фестивалынын катышуучусу.
- 2006-жылы – Түркиянын Адана шаарында өткөн «Сабанджи» эл аралык театр фестивалынын катышуучусу.
- 2009-жылы – Россиянын Владивосток шаарында өткөн «Пасифик меридиан» эл аралык кинофестивалынын катышуучусу.
- 2010-жылы – Казакстандын Алматы шаарында өткөн театр фестивалында «Чыңгызхандын ак булуту» спектакли менен Гран-при сыйлыгына ээ болгон чыгармачылык топтун катышуучусу.
- 2010-жылы – Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин жыл жыйынтыгы боюнча «Жылдын мыкты актёру» наамы.
Театрда жараткан ролдору
- Ж. Садыков, «Манастын уулу Семетей» – Кыргыл чал.
- Ж. Садыков, «Сейтек» – Күзөт башчысы.
- Ж. Садыков, «Ормон хан» – Кочкорбай.
- Ж. Садыков, «Өмүр жана өкүнүч» – Пичугин, Кокондук катчы, солдат.
- Т. Абдумомунов, «Кимдин-кимдин заманы, Машырбектин заманы» – Супатай.
- Т. Абдумомунов, «Жоробайдын жоруктары» – Жоробай.
- Б. Жакиев, «Атанын тагдыры» – Борбук, Сапай.
- М. Тойбаев, «Жөн эле Майраш» – Кубат.
- У. Шекспир, «Король Лир» – Бургунд герцогу.
- У. Шекспир, «Гамлет» – Марцель.
- Р. Оторбаев, «Абай» – Кыяз.
- Р. Оторбаев, «Абуталип апенди» – Маданият башчысы.
- О. Уайльд, «Жылдыз бала» – Жылдыз бала.
- М. Козукеев, Н. Мендебаиров, «Кукломекс» – Каракчы.
- М. Козукеев, Н. Мендебаиров, «Жомок өлкөсү» – Коён.
- К. Акматов, «Азаттык ыры» – Жылкычы.
- Ч. Айтматов, «Саманчынын жолу» – Майсалбек.
- Т. Касымбеков, «Курманжан датка» – Ионов, тилмеч.
- Еврипид, «Медея» – Кабарчы.
- Ж. Садыков, «Адам жана Азезил» – Жигит.
- А. Чекиров, «Оо, Куйручук ата, кайдасың?» – Жер өлчөгүч.
- Т. Уильямс, «Кыялым, азабым» – Пабло.
- Э. Эрматов, «Жаңыл Мырза» – Кыяз.
- М. Карим, «Ай тутулган түндө» – Аксакал.
- А. Паронян, «Багдасар аке» – Кипар.
- Ж. Б. Мольер, «Анткор оорулуу» – Клеант.
- Н. Хикмет, «Унутулган адам» – Туткун.
- М. Байжиев, «Байыркы жомок» – Калмак жоокер.
- М. Абылкасымова, К. Иманалиев, «Атаке баатыр» – Байчо.
- Б. Калчабаева, «Баяндуу махабат» – Жигит.
- М. Тойбаев, «Өчпөс жылдыз» – Аксёнов.
- Т. Абдумомунов, «Алдар Көсөө» – Шеркул.
- Б. Жакиев, «Жолугушуу» – Тракторист.
- Э. Ионеско, «Макбет» – Барон Гломис.
- Г. Гапарова, М. Гапаров, «Куурчакты өлтүргүлө же кызганчаак аялдардын кечи» – Эркек.
- Ю. О’Нил, «Дарак түбүндөгү махабат» – Бийчи.
- У. Шекспир, «Антоний менен Клеопатра» – Алексас.
- А. П. Чехов, «Сунуш» – Ломов.
- К. Зарлыкова, «Сибирь челноктору» – Сатуучу.
- Б. Чотурова, «Тумар ханыша» – Шапур.
- К. Иманалиев, «Коркут ата» – Дирсе хан.
- Ш. Башбеков, «Темир аял» – Электрик.
- Ч. Айтматов, «Кылым карытар бир күн» – А. Куттубаев.
- Б. Чотурова, «Рамаяна» – Вишвамитра.
- А. Темирова, «Улуу Бхаратанын урпактары» – Ведура.
- Ж. Садыков, «Төлгө» – Исмаил хан.
- А. П. Чехов, «Кичинекей адамдын чоң трагедиясы» – Кистунов, кожоюн.
Катышуучу спектаклдер
Спектаклдер жөнүндө маалымат жок
Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү