Кучербаева Гулмира Жоробековна
Туулган күнү: 10 февраля 1959
Туулган жери: Чүй областы, Панфилов району, Кум-Арык айылы
Өмүр баяны
Кучербаева Гүлмира Жоробековна 1959-жылы 10-февралда Чүй облусунун Панфилов районундагы Кум-Арык айылында төрөлгөн.
1976–1978-жылдары театралдык окуу жайда билим алган. 1978–1983-жылдары Москва шаарындагы А. В. Луначарский атындагы мамлекеттик театралдык искусство институтунун актёрдук факультетин аяктаган.
1983-жылы аталган институтту бүтүргөндөн кийин профессионалдык чыгармачылык жолун К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театрында актриса болуп баштаган. Бул театрдын сахнасында дүйнөлүк жана улуттук драматургиянын классикалык чыгармаларындагы башкы жана негизги каармандардын образдарын жаратып, актёрдук чеберчилигин көрсөтө алган. Республикалык театр фестивалдарында жараткан мыкты образдары үчүн дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланган.
1998–2014-жылдары Республикалык жаштар театрында жана Кыргыз драма театрында башкы администратор, директордун орун басары кызматтарын аркалаган. Өлкөдөгү театрлар экономикалык кыйынчылыктарга туш болгон мезгилде көрүүчүлөрдү тартуу, чыгармачылык ишмердүүлүктү уюштуруу жана театрдын коомчулук менен байланышын чыңдоо багытында үзүрлүү эмгектенген.
2010-жылдан тартып Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында актрисалык ишмердүүлүгүн улантып, улуттук жана дүйнөлүк драматургиянын көрүнүктүү чыгармаларында ар кыл мүнөздөгү образдарды жаратып келет.
Гүлмира Кучербаева чыгармачылык ишмердүүлүгү менен катар педагогикалык багытта да эмгектенип, жаш актёрлорго сахна чеберчилигинин сырларын үйрөтүп, алардын кесиптик жактан калыптанышына салым кошкон.
Театр жана кино искусствосундагы көп жылдык чыгармачылык эмгеги, уюштуруучулук ишмердүүлүгү жана жаш муундарды тарбиялоого кошкон салымы менен кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө өз салымын кошуп келе жатат.
2021-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» ардактуу наамына ээ болгон.
Сыйлыктары жана жетишкендиктери
- 2010-жылы – «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси.
- 2015-жылы – Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракесине карата Түркияда ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан уюштурулган иш-чарага катышкандыгы үчүн диплом.
- 2015-жылы – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы.
- 2021-жылы – «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» ардактуу наамы.
Театрда жараткан ролдору
К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театры
- У. Шекспир, «Ромео менен Джульетта» – Леди Капулетти.
- П. Бомарше, «Фигаронун үйлөнүшү» – Марселина.
- Н. Гоголь, «Үйлөнүү» – Жуучу (башкы роль).
- Кондратьев, «Жаралануудан кийинки өргүү» – Тоня (башкы роль).
- О. Айдаров, «Нөшөрдөн кийинки элес» – Таажы (башкы роль).
- М. Гапаров, «Чагылгандын огу» – Аял (башкы роль).
- А. Осмонов, «Бир аялдын амалы кырк эшекке жүк болот» – Аял (башкы роль).
- Т. Абдумомунов, «Карагул ботом» – Мергенчинин аялы (башкы роль).
- М. Тойбаев, «Жаңы келин» – Орус кудагый.
- Б. Калчабаева, «Мен сүйгөн обон» – Зүкеш.
- Ж. Осмонов, «Үч кемпир» – Кемпирлердин бири (башкы роль).
- Т. Абдумомунов, «Машырбек үйлөнөт» – Упайна.
Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры (2010-жылдан берки ролдору)
- А. Чехов, «Маараке той» – Мерчуткина (башкы роль).
- Н. Гоголь, «Үйлөнүү» – Фёкла (башкы роль).
- Т. Абдумомунов, «Абийир кечирбейт» – Айша.
- С. Ахмад, «Күйөө бала» – Башкарма аял Зебиниса.
- Н. Гоголь, «Текшерүүчү» – Анна Андреевна (негизги роль).
- Ф. Дюрренматт, «Картаң айымдын келиши» – Гюллендик аял.
- М. Гапаров, «Кызганчаак аялдардын кечи» – Мадина.
- Ф. Буляков, «Бакбергендин балпайган бактысы» – Анипа.
- Э. Леман, «Вестсайд окуясы» – Лючия айым.
- У. Шекспир, «Макбет» – Геката (мастандар башчысы).
- У. Шекспир, «Макбет» – Кызматчы аял.
- Ж. Кулманбетов, «Алаамат келген күн» – Көзү ачык аял.
Кинодо жараткан ролдору
- «Бороондуу бекет» – Айзада. Режиссёру: Б. Карагулов.
- «Саманчынын жолу» – Аял. Режиссёру: Б. Карагулов.
- «Аномалия» – Гүлжан. Режиссёру: Г. Базаров.
- «Нонсенс» телефильми – Чиновниктин аялы. Режиссёру: Г. Базаров.
- «Напарниктер» – Кайнене. Режиссёру: Б. Осмонканов.
- «Апамды издеп» («В поисках мамы») – Асия Керимбековна, балдар үйүнүн директору. Режиссёру: Р. Акун.
Катышуучу спектаклдер
Спектаклдер жөнүндө маалымат жок
Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү