Сариева Вера Садыковна
КР эл артисти
Туулган күнү: 5 августа 1955
Туулган жери: Нарын областынын Ат-Башы районунун 1-Май айылы
Өмүр баяны
Сариева Вера Садыковна 1955-жылы 5-августта Нарын облусунун Ат-Башы районундагы 1-Май айылында төрөлгөн.
1974–1979-жылдары Москва шаарындагы М. С. Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайда билим алган.
1979–1982-жылдары Ош драма театрында актриса болуп эмгектенген. 1983-жылдан тартып Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында чыгармачылык ишмердүүлүгүн улантып келет.
1995-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти», 2024-жылы «Кыргыз Республикасынын эл артисти» ардактуу наамдарына ээ болгон.
Сыйлыктары жана жетишкендиктери
- 1995-жылы – «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» ардактуу наамы.
- 1995-жылы – «Манас – 1000» юбилейлик медалы.
- 1997-жылы – Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлыктын лауреаты.
- 2010-жылы – Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы.
- 2022-жылы – Астана шаарында өткөн «TeatrALL» эл аралык театр фестивалынын катышуучусу (Гран-при).
- 2024-жылы – «Кыргыз Республикасынын эл артисти» ардактуу наамы.
Театрда жараткан негизги ролдору
- Еврипид, «Медея» – Медея.
- М. Гапаров, «Туздуу чөл» – Атаева.
- К. Акматов, «Ажырашуу» – Канайым.
- М. Карим, «Ай тутулган түндө» – Зубаржат.
- Ю. О’Нил, «Дарак түбүндөгү махабат» – Абби.
- М. Абылкасымова, К. Иманалиев, «Атаке баатыр» – Бегимжан.
- Б. Жакиев, «Атанын тагдыры» – Бурул.
- С. Злотников, «Эки пудель» – Аял.
- А. Шницлер, «Сүйүү айлантмасы» – Амур, актриса.
- Д. Фо, Ф. Раме, «Күтөм сени, сүйгөнүм» – Аял.
- Г. Гапарова, М. Гапаров, «Куурчакты өлтүргүлө же кызганчаак аялдардын кечи» – Элеманова.
- Ф. Г. Лорка, «Кандуу той» – Леонардонун аялы.
- С. Ахмад, «Келиндер козголоңу» – Мехри.
- У. Шекспир, «Кут каган» – Калтарбегим (Гонерилья).
- Дельмар, «Эртеңкиге ордуңду бошот» – Нелли.
- В. Стратиев, «Автобус» – Ашык кыз.
- Ш. Балубеков, «Алаамат» – Темир аял.
- К. Акматов, «Азаттыгым арманым» – Эне, келин.
- Р. Шүкүрбеков, «Жапалак Жатпасов» – Аялы.
- Ж. Садыков, «Сейтек» – Карагач.
- М. Касенов, «Алда, жаш жубайлар-ай» – Лаззат, Газиза.
- Б. Жакиев, «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» – Небере.
- М. Гапаров, «Бар үмүтүм сенде, София Булан» – Аял, азалуу аял.
- Б. Өмүралиев, «Тагдырдын өгөй балдары» – Ахмеддин энеси.
- Т. Уильямс, «Эңсөө трамвайы» – Юнис.
- А. Куросава, «Трамвай дөңгөлөктөрүнүн добушунда» – Хея.
- Ж. Кулманбетов, «Кагылайын Манасым» – Кошокчу.
- Т. Абдумомунов, «Абийир кечирбейт» – Азиза.
- Ч. Айтматов, «Ак кеме» – Гүлжамал, эне.
- У. Шекспир, «Гамлет» – Артистка.
- Ч. Айтматов, М. Шаханов, «Сократты эскерүү түнү» – Хуе Хао.
- Б. Жакиев, «Жолугушуу» – Зал башчысы.
- Ч. Айтматов, «Чыңгызхандын ак булуту» – Саймачы.
- С. Ахмад, «Күйөө бала» – Рахбар.
- «Карагул ботом» (көчө спектакли) – Эне.
- А. Темирова, «Сынык асман» – Дана.
- Ч. Айтматов, «Саманчынын жолу».
- Ж. Сарман, «Мамурэ» – Мамурэ.
Телепостановкаларда жараткан ролдору
- Джек Лондон, «Жашоо кызык» – Сахналаштыруунун автору жана аткаруучу.
- «100 кышкы түн» (Лениндин акыркы күндөрү) – Сахналаштыруунун автору жана аткаруучу.
- А. Куприн, «Суламифь» – Сахналаштыруунун автору жана аткаруучу.
- «Океандагы арал» – Маша.
- «Шляпа» – Аялы.
- «Кыш эрте түшкөндө».
- А. Вампилов, «Июндагы коштошуу» – Комсорг.
- Т. Абдумомунов, «Атабектин кызы» – Кызы.
- М. Гапаров, «Темир корук» – Кыз.
Катышуучу спектаклдер
Спектаклдер жөнүндө маалымат жок
Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү