Альбина Имашова

Альбина Имашова

Туулган жери: 06.06.1983-жылы Ыссык-Көл областынын Тоң районунун Бөкөнбаев айылы Туулган күнү: 06 June 1983 Биография:
Т. Абдмумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын Көркөм жетекчиси. 
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти.
 

Имашова Альбина Турдугуловна, 06.06.1983-жылы Ыссык-Көл областынын Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жарык дүйнөгө келген. Карл Маркс атындагы орто мектебин 2000-жылы аяктаган. Имашова мектеп  курагында эле маданиятка, өзгөчө актрисалыкка ынтызарлыгын көрсөтүп, режиссер  Актан Арым Кубаттын “Беш кемпир” тасмасына 14 жашында тартылып, кино дүйнөсүнө болгон тушоосу кесилген. Аталган ролдун арты менен театр дүйнөсүнө болгон сүйүүсү артып, Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшырган. Ал жакта 2 –курста окуп жүргөндө эле театр профессионалдарынын көзүнө чалдыгып, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына актриса катары кабыл алынган. Театрга киргенде эле Ж.Кулмамбетовдун “Кагылайын Манасым” спектаклинде келиндин образын жаратып, театр сынчыларынын алкоосуна арзыган. Андан соң М.Булгаковдун “Зойканын квартирасы” спектаклинде Манюшканын образын жаратып, көптөгөн күйөрмандардын  арзуусуна татыган.

              Имашованын актрисалык карьерасы ошол менен улам бийикти көздөй сапар алып, Т.Абдумомуновдун “Алдар көсө” спектаклинде Эркайымдын, Б.Жакиевдин “Атанын тагдыры” спектаклинде Майраштын, Т.Абдумомуновдун “Машырбек үйлөнөт” спектаклинде Алтынайдын, Т.Касымбеков, К.Сактановдун “Курманжан Датка” спектаклинде Асел айымдын, М.Абылкасымова, К.Иманналиевдин “Атаке Баатыр” спектаклинде Жаңыл Мырзанын, Ю.О`Нилдин “Дарак түбүндөгү махабат” спектаклинде Миннинин, М.Гапаровдун “Туздуу чөл” спектаклинде Дариканын, Б.Жакиевдин “Жолугушуу” спектаклинде Айымдын, Ч.Айтматовдун “Чынгысхандын ак булуту” спектаклинде Догуландын образын жаратып келди. Бул образдарын өзгөчө изденүү менен чыгарып, театр сынчыларынын жакшы пикирине татып келген.

Андан соң Имашованын чыгармачылыгынын экинчи этабы башталды десек болот, анткени ал театрдын сахнасында дээрлик 30 жылдан ашык ойнолуп келген Ж.Садыковдун “Манастын уулу Семетей” спектаклиндеги башкы каармандардын бири Каныкейдин образын алып чыгууга белсенди. Ал образды театр корифейлери, айтылуу Бакен Кыдыкеева, Ж.Сейдакматова, М.Далбаева, К.Сейдалиева өңдуү залкарлар ойноп келген. Мындай образды жаратууга ар  бир эле актрисанын күчү, динамикасы жете бербейт экени бардыгыбызга маалым. Имашова аталган образды сахнага алып чыгуу жоопкерчилигин тайманбай алгандыгы эле анын актрисалык зор келечеги бар экенинен кабар берет.

Андан соң Ш.Садыбакасовдун “Ак боз ат” спектаклинде Эркайымдын, А.Абдыгулова “Бурулча” спектаклинде Бурулчанын, Ж.Кулмамбетовдун “Алаамат келген күн” спектаклинде Исменанын, Б.Калчабаеванын “Баяндуу махабат” спектаклинде Умсунайдын, А.Темированын “Сынык Асман” спектаклинде эненин, Б.Жакиевдин “Көздөн учкан Ата-Журт” спектаклинде Каличанын, К.Иманалиевдин “Коркут ата” спектаклиндле периштенин, М.Байжиевдин “Алтынчы күнү кечинде” спектаклинде Күкүштүн, С.Раевдин “О, кыздар” спектаклинде Жаркынай, Флюранын образын жаратты.

Киийнчерээк М.Козукеев сахналаштырган  Б.Чотурованын “Тумар Ханыша” спектаклинде Амаганын образын Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” спектаклинде жаш Толгонайдын образын, Н.Мендебаиров сахналаштырган Б.Чотурованын “Рамаяна” спектаклинде Каушальянын образын жаратты. Ошондой эле залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата Н.Мендебаиров сахналаштырган “Кылым карытаар бир күн” спектаклинде Айзаданын образын алып чыгып, театр сүйүүчүлөрүнүн арзуусуна татыды. Аталган образы аркылуу “Эргүү” театр сыйлыгына татыды жана Ч.Айтматов атындагы Эл аралык сыйлык менен сыйланды.

Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын 95-театр сезонунун ачылышына карата Ж.Садыковдун “Төлгө” спектакли режиссер, КР эмгек сиңирген артисти Н.Мендебаиров атарабынан сахналаштырылып, анда А.Имашова  башкы каарман  Каныкейдин образын жаратты. Актриса буга чейин да театрдын реперутарында 40 жылдан ашык жүрүп келген “Манастын уулу Семетей” спектаклинде да Каныкейдин обарзын жаратып келген. Жаңыланып, жаңы көз карашта коюлган “Төлгө” спектаклиндеги Каныкейдин образы аркылуу Имашова актриса катары бышып жетилгенин далилдей алды. Өз кезегинде анын күйөрмандары актрисанын ойной турган күнүн күтүп, кассада кезек күтүп турганы анын көрүүчүлөр чөйрөсүндө драма актрисасы катары чоң орду бар экенин далилдейт. Ар замандын өз залкары болот эмеспи, анын сыңарындай, Имашова бүгүнкү күндүн залкарларынын катарын толуктайт десек жаңылбайбыз. Мындан сырткары 2023-жылы чыккан А.Чеховдун “Кичинекей адамдын чоң трагедиясы” спектаклинде Щукинанын, Бейтааныш аялдын, В.Дельмардын “Эртеңкиге ордуңду бошот” спектаклинде Анитанын, М.Горький “Түпкүрдө” спектаклинде Василисанын, Т.Актанов “Тагай бий” спектаклинле Наалы эженин образын жаратты.

Ошондой эле Ж.Садыковдун калемине таандык Арнис Кыдырмышев сахналаштырган “Эр Төштүк” спектаклинде Жез Кемпирдин образын жаратып, театр сынчыларынын жана көрүүчүлөрдүн арзуусуна татып, “Жер алдындагы ханыша” деген мактоого татыды. Бул образ актрисаны комедия жанрында да өзүнүн чеберчилигин жогорку деңгээлде  көрсөтө алат экендигин аныктады десек да болот.

 

Имашова кино жаатында да өзгөчө орду бар. Франция-Гермения-Кыргызстан биргелешип тарткан “Тенгри” фильминде башкы каарман Амиранын образын жаратып, кино индустриясынын тарыхында калды десек болот. Андан соң Абдыкадыровдун “Чтения Петрарки” тасмасында спортчунун аялынын, Г.Базаровдун “Нонсэнс” тасмасында аялдын, Б.Карагуловдун “Бешик” спектаклинде Акинайдын, Т.Ибрагимовдун “Үзүлбөгөн үзөңгү” тасмасында Розанын, “Мольба” тасмасында аялдын, Э.Абдыжапаровдун “Саякбай” фильминде жеңенин, С.Откеевдин “Мегатой1”, “Мегатой2” тасмаларында жеңенин, Б.Осмонкановдун “Такебай 1”, “Такебай 2”, “Напарник 2” фильмдеринде образдарды жаратып, атактуулукка жетти.