Адыл Болорбек уулу
Туулган жери: Ысык-Көл Областындагы Кара-Ой айылы
Өмүр баяны
Адыл Болорбек уулу 1990-жылы Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында төрөлгөн.
2007-жылы Бишкек шаарындагы №81 орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырып, 2011-жылы бүтүргөн.
Эмгек жолун К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында баштаган. 2012–2014-жылдары Бишкек шаарындагы «Учур» жаштар театрында актёр болуп эмгектенген.
2014-жылдан тартып Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында чыгармачылык ишмердүүлүгүн улантып келет.
Адыл Болорбек уулу актёрлук кесип менен катар режиссёрлук багытта да үзүрлүү эмгектенип, улуттук жана дүйнөлүк драматургиянын чыгармаларын сахналаштырып келет. Анын чыгармачылык ишмердүүлүгүндө драмалык спектаклдер, жомоктор жана заманбап чыгармалар өзгөчө орунду ээлейт.
Сыйлыктары жана жетишкендиктери
- 2012-жылы – Ардак грамота.
- 2013-жылы – «Я хочу жить» спектаклин сахналаштыргандыгы үчүн Владислав Пази атындагы «Эргүү» сыйлыгы.
- 2014-жылы – «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси.
- 2016-жылы – Түркиянын ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусовдун сыйлыгы.
- 2016-жылы – ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Дүйсен Касейиновдун сыйлыгы жана медалы.
- 2016-жылы – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Алтынбек Шатенов атындагы сыйлык.
- 2016-жылы – Казакстанда өткөн театр фестивалында «Эркектин эң мыкты ролу үчүн» номинациясынын жеңүүчүсү.
Театрда жараткан ролдору
«Учур» жаштар театры (2012–2014-жылдар)
- «Апендинин беш катыны» – Зубайда.
- «Ак Мөөр» – Болот.
- Ж. Б. Мольер, «Тартюф».
- Ч. Айтматов, «Кыямат» – Эрназар.
- М. Байжиев, «Он экинчи күн».
- Ч. Айтматов, «Анархай» – Кемел.
Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры (2014-жылдан берки ролдору)
- М. Метерлинк, «Көк куш» – Мышык.
- Б. Чотурова, «Тумар ханыша» – Спаргапис.
- Ч. Айтматов, «Саманчынын жолу» – Жайнак.
- Ч. Айтматов, «Чыңгызхандын ак булуту» – Дервиш.
- К. Иманалиев, «Коркут ата» – Коркут.
- К. Иманалиев, «Керээз» – Файзула Ногоев.
- «Чокан Валиханов» – Достоевский.
- Ч. Айтматов, «Кылым карытар бир күн» – Көр казган киши.
- Ж. Садыков, «Төлгө» – Эшен молдо.
- Т. Жүженооглу, «Бейтааныш» – Бейтааныш.
- Т. Актанов, «Тагай бий» – Жигит.
Режиссёр катары сахналаштырган спектаклдери
- 2013-жылы – «Я хочу жить» («Жашагым келет»). «Учур» жаштар театры.
- 2015-жылы – Д. Жанжигитов, «Царство дракона» («Ажыдаардын падышалыгы»). Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры.
- 2015-жылы – И. Члаки, «Как тебя зовут» («Сенин атың ким?»). Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры.
- 2016-жылы – Д. Жанжигитов, «Хрустальное сердце» («Хрусталь жүрөк»). Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры.
- 2023-жылы – М. Горький, «Түпкүрдө». Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры.
- 2025-жылы – Ж. Садыков, «Адам». Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры.
Катышуучу спектаклдер
Спектаклдер жөнүндө маалымат жок
Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү