Касаболотова Мээрим

Касаболотова Мээрим

Туулган күнү: 23 апреля 1979

Өмүр баяны

Касаболотова Мээрим Толеновна 1979-жылы 23-апрелде туулган.

1996–2000-жылдары Ы. Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайында «Кыл кыяк» адистиги боюнча билим алган. Окуу мезгилинде аталган окуу жайдын алдында түзүлгөн «Айдың-Көл» ансамблинде бийчи, оркестрде ооз комузчу болуп эмгектенген.

2000–2005-жылдары Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин театралдык факультетин «Драма жана кино актёру» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1995–1996-жылдары Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы «Боз-Салкын» элдик ыр-бий ансамблинде бийчи болуп баштаган.

2002–2005-жылдары Бишкек шаарындагы «Сахна» жеке менчик театрында актриса болуп иштеген. 2005–2008-жылдары Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында чыгармачылык ишмердүүлүгүн уланткан.

2008–2016-жылдары К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында эмгектенип, театрдын түптөлүшүнө жана чыгармачылык жактан өнүгүшүнө зор салым кошкон.

2016–2017-жылдары К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында актриса болуп иштеген.

2017-жылдан тартып Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында актриса болуп эмгектенип келет.

Сыйлыктары жана жетишкендиктери

  1. 2009-жылы – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ардак грамотасы.
  2. 2009-жылы – СССРдин эл артисти М. Рыскуловдун 100 жылдыгына арналган IV республикалык театр фестивалында «Назик жүрөк азабы» спектаклиндеги Дарья Семёновнанын образын мыкты жараткандыгы үчүн «Дебют» номинациясынын диплому.
  3. 2011-жылы – «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси.
  4. 2013-жылы – Талас шаардык маданият, маалымат жана туризм бөлүмүнүн «Кайталангыс таланттуу айым» Ардак грамотасы.
  5. 2017-жылы – Ч. Айтматовдун 89 жылдыгына арналган иш-чараларга кошкон салымы үчүн Ыраазычылык баракчасы.
  6. 2020-жылы – А. Осмонов атындагы «Эстелик» медалы.
  7. 2020-жылы – «Мыкты актриса» наамы (Facebook Party – 2020).
  8. 2022-жылы – «Таланттуулар таймашы» республикалык сынагын жогорку деңгээлде өткөрүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн Ыраазычылык кат.
  9. 2023-жылы – «Рух Бейне» эл аралык академиясынын А. Осмонов атындагы «Эстелик» медалы.
  10. 2023-жылы – «Рух Бейне» эл аралык академиясынын «Ыйык тил» медалы.
  11. 2024-жылы – Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган эл аралык «Рух-Фест – Кыргызстан 100» фестивалына активдүү катышкандыгы үчүн сертификат.
  12. 2025-жылы – «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө 100 жыл: тарыхый мурас жана коомдун өнүгүүсүнүн заманбап чакырыктары» аталышындагы иш-чаранын алкыш каты.

Театрда жараткан ролдору

«Сахна» театры

  1. «Керээз» (Кожожаш кенже эпосунун негизинде) – Зулайка, төлгөчү кыз.
  2. «Курманбек» – Айганыш.
  3. К. Иманалиев, «Жоогазын ыры» – Гүлбагым.
  4. «Золотой апельсин» – Алина, ханыша.
  5. Ворфоломеев, «Вверх тормашками» – Принцесса.

Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры (2005–2008-жылдар)

  1. Р. Оторбаев, «Тагдыр» – Жанна. Режиссёру: Э. Бекболиев.
  2. Ж. Мольер, «Анткор оорулуу» – Анжелика.
  3. А. Аксы, «Махабат жана өлүм» – Түйүмкан.
  4. М. Байжиев, «Кыз-күйөө» – Гүлсүн. Режиссёру: М. Козукеев.
  5. Т. Абдумомунов, «Алдар Көсө» – Айнагүл. Режиссёру: З. Сооронбаев.
  6. К. Зарлыкова, «Сибирь челноктору» – Кыз. Режиссёру: З. Сооронбаев.
  7. Т. Абдумомунов, «Машырбек үйлөнөт» – Шахина. Режиссёру: Н. Мендебаиров.
  8. С. Раев, «Дубал» – Тилли. Режиссёру: Э. Бекболиев.
  9. М. Козукеев, «Алтын так» – Айша. Режиссёру: Н. Мендебаиров.
  10. М. Козукеев, «Эң жөнөкөй жомок» – Балаты. Режиссёру: Н. Мендебаиров.
  11. М. Тойбаев, «Өчпөс жылдыз» – Катчы. Режиссёру: З. Сооронбаев.
  12. Т. Касымбеков, «Курманжан датка» – Асель айым. Режиссёру: Э. Бекболиев.
  13. Ж. Кулманбетов, «Канат менен Зарина» – Айка.
  14. «Күтөм сени, сүйгөнүм» – Ак пудель.
  15. М. Байжиев, «Окуя» – Майраш. Режиссёру: К. Касенов.
  16. Ж. Садыков, «Эр Төштүк» – Куюн Маамыт, Кенжеке. Режиссёру: Б. Абдылдаев.
  17. К. Гольдони, «Трактирщица» – Актриса. Режиссёру: Б. Абдылдаев.
  18. «Зойканын квартирасы» – Алла Вадимовна. Режиссёру: Н. Мендебаиров.
  19. «Манастын уулу Семетей» – Кишимжан.

К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театры (2008–2016-жылдар)

  1. Ч. Айтматов, «Ак кеме» – Кемпир. Режиссёру: Э. Бекболиев.
  2. Ч. Айтматов, «Үмүттүн турналары» – Мырзагүл. Режиссёру: Ш. Мендебаиров.
  3. О. Ходжагули, «Аялдардан шаң кече» – Сулуу кыз, Күндөй кыз, Саадат.
  4. «Периштенин махабаты» – Периште. Режиссёру: И. Жунусов.
  5. У. Шекспир, «Он экинчи түн» – Оливия. Режиссёру: И. Жунусов.
  6. Б. Жакиев, «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» – Сыпайы кемпир. Режиссёру: А. Абдыкалыков.
  7. С. Ахмад, «Апендинин беш катыны» – Зубайда. Режиссёру: И. Жунусов.
  8. «Назик жүрөк азабы» – Дарья Семёновна. Режиссёру: С. Сазаев.
  9. Ж. Өзүбекова, «Күйөө сатам». Режиссёру: Ш. Мендебаиров.

К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры (2016–2017-жылдар)

  1. «Крис-Фон-Марк» – Кайнене Айгүл. Режиссёру: Ж. Осмонов.
  2. С. Раев, «Найман эне» – Сокур кемпир. Режиссёру: О. Кожомкулова.

Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры (2017-жылдан берки ролдору)

  1. Ч. Айтматов, «Кылым карытар бир күн» – Айзада. Режиссёру: Н. Мендебаиров.
  2. Ш. Башбеков, «Темир аял» – Кулипа. Режиссёру: Э. Эгембердиев.
  3. С. Раев, «О, кыздар!» – Пери. Режиссёру: Э. Бекболиев.
  4. «Төлгө» – Кошокчу аял, бийчи. Режиссёру: Н. Мендебаиров.
  5. «Чыңгызхандын ак булуту» – Саймачы кыз. Режиссёру: К. Ашыров.
  6. Т. Абдумомунов, «Абийир кечирбейт» – Медайым. Режиссёру: А. Жапаров.
  7. Э. Леман, «Вестсайд окуясы» – Анита. Режиссёру: З. Аклаева.
  8. Бердман, «Белый носорог» – Д. Сыдыкова.
  9. Ф. Г. Лорка, «Бернарда Альбанын үйү» – Магдалена. Режиссёру: Ш. Дыйканбаев.
  10. «Адилеттикти издеген рыцарь» – Дульсинея. Режиссёру: Э. Эгембердиев.
  11. Ж. Садыков, «Эр Төштүк» – Гүлайым. Режиссёру: А. Кыдырмышев.

Кинодо жана телесериалдарда жараткан ролдору

  1. «Айыл өкмөтү» – Айша кыз. Режиссёру: Э. Абдыжапаров.
  2. «Чиркин өмүр» – Кичүү келин. Режиссёру: М. Мамбетов.
  3. «Юридическая консультация» – Назгүл. Режиссёру: Э. Рыспаев.
  4. Ж. Өзүбекова, «Апамдын махабаты» – Керез. Режиссёру: М. Мамбетов.
  5. «Дил баян» – Мугалим. Режиссёру: Т. Олжобаев.
  6. Ж. Өзүбекова, «Күйөө сатам» – Шуулдак жеңе. Режиссёру: Т. Олжобаев.
  7. «Женщина Кыргызстана» (Пакистан) – Аял.
  8. Ж. Өзүбекова, «Чоочун киши» – Карызын доолаган келин. Режиссёру: С. Өткеев.
  9. «Кошунаны тандабайт» – Катчы. Режиссёру: Р. Эшимов.
  10. «Адилет» – Аял. Режиссёру: Н. Кудайбегенов.
  11. «От» – Дүкөнчү.
  12. «Некрофиль» – Көпөлөк. Режиссёру: А. Бектемиров.
  13. «Умай эненин балдары» – Бектин аялы.
  14. «Өзүмдү кечире албайм» – Айгүл. Режиссёру: Нурбек Темиров.
  15. «Эрк» – Аял. Режиссёру: Эркинай.
  16. «Лестничная площадка». Режиссёру: Эркинай.
  17. «Өрттөлгөн аял» – Аял. Режиссёру: А. Абласанова.
  18. «Жалбыз» телесериалы – Жалбыздын жеңеси. Режиссёру: М. Мамбетов.
  19. «Контора» телесериалы – Миллионердин аялы. Режиссёру: Д. Козубеков.
  20. «Акча» телесериалы – Тамаданын аялы. Режиссёру: Р. Эшимов.
  21. «Мурас» телесериалы – Тарбиячы мугалим. Режиссёру: Руслан Акун.
  22. «Дарыгер» телесериалы – Депутаттын аялы. Режиссёру: Ы. Окенова.
  23. «Жеңижок» – Көк сулуунун жеңеси. Режиссёру: М. Мамбетов.

Катышуучу спектаклдер

Спектаклдер жөнүндө маалымат жок

Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү

Касаболотова Мээрим — фото 1
Касаболотова Мээрим — фото 2
Касаболотова Мээрим — фото 3
Касаболотова Мээрим — фото 4