Амангельди Шерикул уулу
Туулган күнү: 25 октября 2026
Туулган жери: Бишкек шаары
Өмүр баяны
Амангельди Шерикул уулу 2001-жылы жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдөгү беш бир туугандын ортончусу. 2008-жылы №32 орто билим берүү мектебинин босогосун аттаган. Мектепте окуп жүргөн жылдары чыгармачылыкка кызыгып, 2017-жылга чейин "Жеткинчек" ыр-бий тобуна активдүү катышкан. 2017-жылы Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырып, актёрдук кесип боюнча билим алган. 2021-жылы окуу жайды аяктап, ошол эле жылы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына артист катары кабыл алынган. Учурда театрда үзүрлүү эмгектенип, ар кыл мүнөздөгү образдарды жаратып келет.
Театрда жараткан ролдору:
Ж. Садыков "Эр Төштүк" - Чал Куйрук;
А. Несин "Торостук зөөкүр" - Метин;
М. Касенов "Алда, жаш жубайлар ай!" - Эркин, Бекзат;
Т. Габбе "Альманзордун шакектери" - Шалдырак;
А. Ихсанов "Адилеттик издеген рыцарь" - Родриго, Согуш, Николас;
А. Ройе "Атанын дүйнөсү" - Гильом;
К. Иманалиев "Акыркы кат" - Жусуп;
Т. Актанов "Тагай бий" - Согуш.
Кинодогу ролдору:
"Ага-ини" - Кайрат, "Азо" студиясы;
"Жеңижок" - Жеңижок, "Кыргызтелефильм";
"Псих" - Псих, башкы каарман, "One" студиясы;
"Кан урсун" - банкир, терс каарман.
Катышуучу спектаклдер
Спектаклдер жөнүндө маалымат жок
Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү