Барманова Жанара

Барманова Жанара

Туулган күнү: 14 октября 1986

Туулган жери: Талас

Өмүр баяны

Барманова Жанара Токторалиевна 1986-жылы 14-октябрда Талас облусунун Талас шаарында төрөлгөн. 2004–2009-жылдары Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунда билим алган. 2006-жылы «Миң кыял FM» радиосунда ди-джей болуп иштеген. 2008-жылы УТРКнын «Ала-Тоо» маалымат программасында дикторлук кызматты аркалаган. 2007-жылдан тартып Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында актриса болуп эмгектенип келет.

Театрда жараткан ролдору:

  1. Ч. Айтматов «Чыңгызхандын ак булуту» – Саймачы кыз
  2. Т. Теменов «Алма багы» – Гаухар
  3. Б. Калчабаева «Баяндуу махабат» – Жумагүл
  4. Р. Оторбаев «Тагдыр» – Жанна, Токжан
  5. «Калиф Аист» – Аист
  6. «Снеговик» – Снегурочка
  7. Л. Хюбнер «Куру намыс» – Кыз
  8. Ж. Садыков «Манастын уулу Семетей» – Кишимжан
  9. Ш. Садыбакасов «Ак боз ат» – Биринчи аялы
  10. С. Раев «Оо, кыздар» – Зейне
  11. М. Гапаров «Туздуу чөл» – Кыз
  12. А. Несин «Торостук зөөкүр» – Кызы
  13. В. Дельмар «Эртеңкиге ордуңду бошот» – Кора

Кинодо жараткан ролдору:

  1. Б. Шамшиев «Жаңгактар токоюндагы арбактар» – Уламыш-Чолпон
  2. Ы. Окенова «Президент жана бомж» – Касиет
  3. Э. Абдыжапаров «Саякбай» – Апасынын жаш кези
  4. С. Куренкеев «Шумдук шери не» – Жанара
  5. А. Дайырбеков «Эрмен жыты» – Жийде

Катышуучу спектаклдер

Спектаклдер жөнүндө маалымат жок

Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү

Барманова Жанара — фото 1
Барманова Жанара — фото 2
Барманова Жанара — фото 3
Барманова Жанара — фото 4