Сарыбаев Камчыбек Төлөнович

Сарыбаев Камчыбек Төлөнович

Актёр

Туулган күнү: 7 февраля 1978

Туулган жери: Ысык Көл областына караштуу Тоң районунун Ак-Сай айылында туулган.

Өмүр баяны

      Сарыбаев Камчы Төлөнбекович

         07.02.1978-жылы Ысык Көл областына караштуу Тоң районунун Ак-Сай айылында туулган. 1985-1995ж.ж. Ж.Турусбеков атындагы орто мектепти бүтүргөн. 1993-1995ж.ж. Д. Асанов атындагы аскер лицейинде үйлөмө аспаптар оркестринде билим алган. 1997-2001-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда билим алган. Окууну аяктаары менен эле Шаршен Термечиков атындагы Чүй театрына артист катары кирип, эмгек жолун баштаган. 2002-жылдан бери Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма теарында артист болуп эмгектенип, мыкты ролдору менен таанылып келе жатат. 

Камчы Сарыбаев - актердук диапазону кең, ар кыл жанрдагы жана мүнөздөгү образдарды ишенимдүү жарата алган көп кырдуу сахна чебери. Чыгармачылык жолунда улуттук драматургиядан тартып дүйнөлүк классикага чейин кайрылып, психологиялык драмадан трагедияга, тарыхый чыгармалардан комедияга чейинки спектаклдерде бири-бирине окшобогон ондогон каармандардын образын жаратты. 

Ю. О’Нилдин Симеону, Еврипиддин Креонту, Ж. Садыковдун Жаманкарасы, Н. Гоголдун Ляпкин-Тяпкини, А. Несиндин Осмону, Т. Актановдун Байызбек баатыры сыяктуу образдар анын чыгармачылык мүмкүнчүлүгүнүн кеңдигин көрсөтөт. Сарыбаев каармандын сырткы мүнөзүн көрсөтүү менен чектелбестен, анын ички дүйнөсүнө, психологиялык абалына терең үңүлүп, ар бир образдын өзөгүн таба билгендиги менен айырмаланат. Сахнада ал бирде бийлик ээсинин сүрүн, бирде карапайым адамдын жөнөкөйлүгүн, бирде тарыхый инсандын салмагын, дагы бирде комедиялык каармандын курч мүнөзүн ачып, ар бирине өзүнчө үн, кыймыл-аракет жана сахналык боёк бере алат. 

Камчы Сарыбаевдин башкы же эпизоддук образ болобу, ар бир каармандын мүнөзүн таап, спектаклдин жалпы ансамблине жуурулуштуруп, ошол эле учурда өзүнө гана таандык актердук табылгалар менен толуктай билүүсү анын кесиптик чеберчилигин айгинелейт. 26 жылдан ашуун убакыттан бери сахна өнөрүнө үзүрлүү кызмат кылып келе жаткан Камчы Сарыбаев кыргыз театрынын чыгармачылык тарыхына эбегейсиз эмгек сиңирди. Жылдар бою топтолгон тажрыйба, тынымсыз изденүү, сахнага болгон жоопкерчилик жана кесипке берилгендик анын чыгармачылык жүзүн калыптандырды. Бүгүн ал драмалык тереңдикти, трагедиялык салмакты жана комедиялык курч мүнөздү бирдей көтөрө алган, өз үнү, өз стили, сахнада өз орду бар тажрыйбалуу театр чебери. Ал эми кыргыз киносунда Камчы Сарыбаевдин ысымы эбак эле бийик атактуулукка жетип, ондогон фильмдердеги жарк эткен образдары менен белгилүү. 

Ойногон ролдору: 

 Ю. О’Нил – «Дарак түбүндөгү махабат» – Симеон
Ж. Садыков – «Адам жана Азезил» – Кабыл
Еврипид – «Медея» – Креонт
Ж. Садыков – «Ормон хан» – Жаманкара
Т. Касымбеков, К. Сактанов – «Курманжан датка» – Молдо Казый, баш кесер
М. Тойбаев – «Эрте өчкөн жылдыз» – Прокурор
Т. Абдумомунов – «Алдар Көсөө» – Ниязгул бай
Б. Жакиев – «Жолугушуу» – Бульдозерчи жигит
М. Абылкасымова, К. Иманалиев – «Атаке баатыр» – Доргул
Б. Жакиев – «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» – Дүлөй чал
М. Козукеев, Н. Мендебаиров – «Кар киши» – Гном
А. Паронян – «Багдасар аке» – Сот
Ч. Айтматов – «Чынгызхандын ак булуту» – Жигит
Б. Калчабаева – «Баяндуу махабат» – Кудайберди
Э. Ионеско – «Макбет» – Барон Кандор, офицер
Друце – «Ыйыктын ыйыгы» – Секретарь
С. Шатманов – «Ак боз ат» – Чарын
Т. Актанов – «Жан азык» – Майрык
Н. Гоголь – «Үйлөнүү» – Яичница
Н. Гоголь – «Ревизор» – Ляпкин-Тяпкин
Б. Брехт – «Өлөрман эне» – Симеон
А. Темирова – «Улуу Бхаратанын урпактары» – Кол башчы
Ч. Айтматов – «Кылым карытаар бир күн» – Тергөөчү
С. Ахмад – «Күйөө бала» – Күйөө бала
Т. Теменов – «Алма багы» – Тракторист
Ш. Башбеков – «Темир аял» – Кочкорбай
К. Иманалиев – «Керээз» – Балбай
А. Несин – «Торостук зөөкүр» – Осмон
У. Шекспир – «Макбет» – Кароолчу
А. Чехов – «Кичинекей адамдын чоң трагедиясы» – Кувалдин, Очумелов
Т. Актанов – «Тагай бий» – Байызбек баатыр

Катышуучу спектаклдер

Спектаклдер жөнүндө маалымат жок

Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү

Сарыбаев Камчыбек Төлөнович — фото 1
Сарыбаев Камчыбек Төлөнович — фото 2
Сарыбаев Камчыбек Төлөнович — фото 3
Сарыбаев Камчыбек Төлөнович — фото 4