Сманов Жеңишбек

Сманов Жеңишбек

Туулган күнү: 9 мая 1982

Туулган жери: Нарын областына караштуу Кочкор районунун Соң-Көл айылы

Өмүр баяны

Сманов Жеңишбек Асылбекович 1982-жылы 9-майда Нарын облусунун Кочкор районундагы Соң-Көл айылында төрөлгөн.

1999-жылы Соң-Көл орто мектебин ийгиликтүү аяктаган. Андан соң Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайда билим алган.

2008-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда «Актёрдук чеберчилик» адистиги боюнча билим алган.

2003-жылы Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына актёр болуп кабыл алынган. Ошол мезгилден тартып улуттук драматургиядан тарта дүйнөлүк классикага чейинки ар кыл жанрдагы чыгармаларда көптөгөн образдарды жаратып, театрдын репертуардык спектаклдеринде үзүрлүү эмгектенип келет.

Жеңишбек Сманов чыгармачылык жолунда тарыхый инсандардын, драмалык жана мүнөздүү каармандардын образдарын сахнага алып чыгып, актёрдук чеберчилигин көрсөтө алган. Анын сахнада жараткан ролдору театр адистеринин жана көрүүчүлөрдүн жогорку баасына татыган.

Театрда жараткан ролдору

  1. М. Байжиев, «Узак сапардагы поезд» – Лейтенант.
  2. А. П. Чехов, «Юбилей» – Шипучин.
  3. М. Абылкасымова, «Атаке баатыр» – Абылай.
  4. К. Сактанов, «Курманжан датка» – Абдылдабек, Жаркынбай.
  5. У. Шекспир, «Антоний менен Клеопатра» – Көзү ачык.
  6. Ж. Садыков, «Ормон хан» – Жүз башы.
  7. Б. Жакиев, «Атанын тагдыры» – Борбук.
  8. Н. Мендебаиров, «Жомоктор дүйнөсү» – Жин.
  9. М. Козукеев, Н. Мендебаиров, «Принцесса Бенд За Кинджа и её маскарапозы» – Чыңгызхан.
  10. Ж. Садыков, «Өмүр жана өкүнүч» – Эл жигити.
  11. М. Тойбаев, «Эрте өчкөн жылдыз» – Мергенчи.
  12. Ж. Садыков, «Адам жана Азезил» – Жетим бала.
  13. М. Булгаков, «Зойканын квартирасы» – Биринчи бейтааныш жигит.
  14. С. Алтымышов, «Таң булбулу» – Офицер.
  15. М. Гапаров, «Куурчакты өлтүргүлө» – Эркин.
  16. Ю. О’Нил, «Дарак түбүндөгү махабат» – Администратор.
  17. К. Зарлыкова, «Сибирь челноктору» – Таксист, кайырчы.
  18. М. Байжиев, «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» – Уулу.
  19. Э. Ионеско, «Макбет» – Музыкант, солдат.
  20. Ч. Айтматов, «Чыңгызхандын ак булуту» – Жигит башы.
  21. Т. Теменов, «Алма багы» – Күйөө бала.
  22. Б. Калчабаева, «Баяндуу махабат» – Бий.
  23. У. Шекспир, «Макбет» – Макдуф.
  24. Т. Абдумомунов, «Абийир кечирбейт» – Нурдин.
  25. Р. Оторбаев, «Тагдыр» – Жалкытай.
  26. Ш. Садыбакасов, «Ак боз ат» – Коңтаажы.
  27. Ж. Садыков, «Манастын уулу Семетей» – Көбөш.
  28. Б. Чотурова, «Томирис» – Бахтияр.
  29. К. Иманалиев, «Керээз» – Ормон хан.
  30. Ч. Айтматов, «Кылым карытар бир күн» – А. Куттубаев.
  31. М. Ауэзов, «Еңлик-Кебек» – Жоомарт бий.
  32. Ж. Садыков, «Төлгө» – Көбөш хан.
  33. А. П. Чехов, «Кичинекей адамдын чоң трагедиясы» – Хрюкин.
  34. Ф. Зеллер, К. Акматов, М. Байжиев, «Эне» – Күйөө бала.
  35. К. Иманалиев, «Акыркы кат» – Төрөкул Айтматов.

Катышуучу спектаклдер

Спектаклдер жөнүндө маалымат жок

Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү

Сманов Жеңишбек — фото 1
Сманов Жеңишбек — фото 2
Сманов Жеңишбек — фото 3
Сманов Жеңишбек — фото 4