Касейинов Жылдызбек Аманжолович
Туулган күнү: 21 мая 1989
Туулган жери: Нарын
Өмүр баяны
Касейинов Жылдызбек Аманжолович 1989-жылы 21-майда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Талды-Суу айылында төрөлгөн.
2008–2013-жылдары Б. Бейшеналиева атындагы искусство жана маданият университетинде билим алган.
2010–2012-жылдары Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрында, 2012–2014-жылдары «Учур» мамлекеттик жаштар театрында актёр болуп эмгектенген.
2014-жылдан тартып Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында чыгармачылык ишмердүүлүгүн улантып келет.
Жылдызбек Касейинов чыгармачылык жолунда улуттук жана дүйнөлүк драматургиянын классикалык жана заманбап чыгармаларында ар кыл мүнөздөгү образдарды жаратып, актёрдук чеберчилигин көрсөтүп келет. Театр сахнасында тарыхый инсандардын, драмалык жана мүнөздүү каармандардын образдарын жараткан.
Актёрлук кесип менен катар режиссёрлук багытта да эмгектенип, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында жана М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрында спектаклдерди сахналаштырган. Ошондой эле көркөм тасмаларга жана телесериалдарга тартылып, кино тармагында да чыгармачылык ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.
Театрда жараткан ролдору
- М. Метерлинк, «Көк куш» – Дөбөт.
- Ч. Айтматов, «Саманчынын жолу» – Касым.
- Ч. Айтматов, «Кылым карытар бир күн» – Сабитжан.
- Ш. Садыбакасов, «Ак боз ат» – Мансур.
- Б. Чотурова, «Рамаяна» – Бхарата.
- Ж. Садыков, «Төлгө» – Сарытаз.
- Т. Касымбеков, К. Сактанов, «Курманжан датка» – Ак балбан.
- К. Иманалиев, «Керээз» – Жигит башы.
- Э. Эфендиев, «Рахмат сага, Шекспир» – Санитар.
- М. Ауэзов, «Эңлик-Кебек» – Эсен.
- М. Касенов, «Алда, жаш жубайлар-ай» – Азат.
- Ш. Башбеков, «Темир аял» – Алымтай.
- Э. Леман, «Вестсайд окуясы» – Бернардо.
- Б. Жакиев, «Көздөн учкан Ата Журт» – Эстебес.
- К. Иманалиев, «Коркут ата» – Бай.
- Б. Чотурова, «Тумар ханыша» – Бактияр.
- Т. Актанов, «Тагай бий» – Бердибек баатыр.
Режиссёр катары сахналаштырган спектаклдери
- В. Дельмар, «Эртеңкиге ордуңду бошот» – Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры.
- Ч. Айтматов, «Кыямат» – М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театры.
Кинодо жараткан ролдору
- «Аврора» – Сутенёр. Режиссёру: Б. Пирматов.
- «Адилет» телесериалы – Жолон. Режиссёру: Н. Ходжа.
- «Ак шоола» телесериалы – Самаган. Режиссёру: Ы. Окенова.
- «Разбой» – Нурлан. Режиссёру: М. Жумаев.
- «Бир күн-түн» – Күйөө бала. Режиссёру: Б. Мукул.
- «Жаным» – Жолдош. Режиссёру: М. Жумаев.
Катышуучу спектаклдер
Спектаклдер жөнүндө маалымат жок
Репетиция жана спектаклдердин сүрөттөрү